super.kg logo

Баткенде Жаштар жана Аялдарды колдоо борборлору ачылды

 
Баткен шаарында “Жаштар борбору” жана “Аялдарды колдоо жана өнүктүрүү борбору” ачылды. Бул тууралуу 20-майда президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаштар борборунун максаты - жергиликтүү жаштардын маданий, билим берүү жана социалдык-экономикалык муктаждыктарын канааттандыруу жана жаштардын ар тараптуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.
Бул имаратта “Айым HUB” Аялдарды колдоо жана өнүктүрүү борбору дагы өз ишин баштады. Борбордо айымдар квалификациялуу укуктук жана психосоциалдык жардам алып, лидерлик жана экономикалык көндүмдөрүн өнүктүрө алышат.
Аталган борборлорду ачуу үчүн шаар мэриясынан 6,3 миллион сом каражат бөлүнүп, имарат толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ал эми БУУӨП жана Орусия тарабынан жалпы 52 миң доллар акча бөлүнүп, керектүү жабдуулар жана эмеректер сатып алынды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: