Ала-Арча жаратылыш паркындагы асма жол убактылуу иштебейт
Ала-Арча жаратылыш паркындагы асма жол 18-26-май аралыгында убактылуу иштебейт. Бул тууралуу парктын Инстаграм баракчасына жарыяланды.
Бул мезгилде төмөнкү иштер жүргүзүлөт:
• пландалган техникалык тейлөө;
• жабдууларды модернизациялоо;
• механизмдерди майлоо жана кароо;
• курулуш жана санитардык иштер;
• ишембилик жана аймакты иретке келтирүү.
Администрациянын маалыматына караганда, бул иштер коноктордун коопсуздугу жана ыңгайлуу эс алуусу үчүн жасалууда.
Эске салсак, Ала-Арча жаратылыш паркындагы гондоль тибиндеги асма жол 18-февралда ишке берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:14
2026-05-22
20:35
2026-05-21
19:28
2026-05-21
16:48
2026-05-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
Birimdik5555
21.05.2026. 05:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ала-Арчада кар кете элек беле?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















