super.kg logo

Президент бир катар дары өсүмдүктөрдү өстүрүүгө байланыштуу мыйзамга кол койду

 

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мыйзам өлкөдө дары өсүмдүктөрүн өндүрүүнү, кайра иштетүүнү жана туруктуу пайдаланууну өнүктүрүү үчүн комплекстүү укуктук негизди түзүү максатында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзам "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" мыйзамдын 6, 7 жана 10-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизген. Буга байланыштуу жеке жана юридикалык жактар дары өсүмдүктөрүн (валериана, теңге гүл, шалфей, шафран, ферула, аконит арнебия, кызгылт родиола, мыя, чычырканак, ит мурун, бөрү карагат, кийик от, ромашка, сары чай чөп, лаванда) өндүрүштүн айыл чарба ыкмасы менен культивациялоо жана өстүрүү боюнча иш жүргүзүү укуктарына ээ болот.

Ошондой эле, социалдык объекттерге жанаша жайгашкан аймактарда аконит өстүрбөө каралган.

Мындан тышкары, мыйзам менен "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамдын 8 жана 9-беренелерине өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Атап айтканда, аталган мыйзамдын 8-беренесинде өлкө экономикасынын агроазыктүлүк секторун техникалык камсыз кылуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун, гибриддерин чыгаруунун, дары өсүмдүктөрүн өндүрүштүн айыл чарба ыкмасы менен өстүрүүнүн, айыл чарба жаныбарларынын жаңы породаларын чыгаруунун, мал чарбасында маркердик жана геномдук селекцияны жүзөгө ашыруунун селекциялык-генетикалык усулдары менен жүзөгө ашырылат деп көрсөтүлүүдө.

Аталган мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда мамлекеттик колдоонун негизги багыттарынын бири болуп үрөн чарбасын өнүктүрүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн жана дары өсүмдүктөрүн өстүрүү саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: