АКШ бийлиги Кубага карата эки вариантты карап жатат
АКШнын президенти Дональд Трамп Кубага карата эки вариантты карап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, учурда АКШ бийлиги Кубага байланыштуу дипломатиялык да, күч колдонуу да варианттарын караштырууда. Бирок азырынча акыркы чечимге келе элек. Мындан улам Вашингтон Кубага карата басымды улантып, мунай импортун бөгөттөө жана санкцияларды күчөтүү аркылуу аларга басым көрсөтүүдө.
Ал эми АКШнын Юстиция министрлиги Кубанын бийлик адамдарын 1996-жылы жарандык учактар атып түшүрүлгөн окуяга байланыштуу аба кемесин жок кылуу жана адам өлтүрүү беренелери боюнча айыптуу деп көрсөтүүдө.
Буга чейин Кубанын президенти Мигель Диас-Канель АКШнын Гаванага күйүүчү май жеткирген өлкөлөргө жана компанияларга каршы киргизген санкцияларын кескин сынга алган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















