super.kg logo

АКШ Кубанын мурдагы лидери Рауль Кастрого каршы айыптоо жарыялады, Кариб деңизине авианосецтер киргизилди

 

АКШ бийлиги Кубанын мурдагы президенти, 94 жаштагы Рауль Кастрого жана дагы беш кубалык аскер кызматкерине сыртынан айып такты. Аларга америкалык жарандарды өлтүрүү боюнча план уюштурган деген айып коюлууда.

АКШнын Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, фигуранттарга өлүм жазасы же өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралышы мүмкүн.

Айыптоолор 1996-жылдагы окуяларга байланыштуу. Анда Кубанын аскердик учактары “Brothers to the Rescue” гуманитардык уюмунун эки учагын атып түшүрүп, төрт АКШ жараны каза болгон. Ошол учурда Рауль Кастро Кубанын Куралдуу күчтөрүнүн министри кызматын ээлеген.

Куба тарап бул айыптоолорду четке кагып, президент Мигель Диас-Канель билдиргендей, кубалык аскерлер ал учурда мыйзамдуу өзүн-өзү коргоо аракетин көрүшкөн жана АКШ фактыларды бурмалап жатат.

Ошол эле учурда Кариб деңизине АКШнын авианосецтери киргизилгени да маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: