Британияда падышанын өлүмү тууралуу жаңылыш кабар жарыяланды
Улуу Британиядагы Radio Caroline радиостанциясы 19-майда түз эфирде ката кетирип, падыша Карл III каза болду деген жаңылыш маалыматты жарыялаган.
Бул билдирүүдөн кийин эфирде “Кудай, падышаны сакта” гимни жаңырып, андан соң берүү болжол менен 15 мүнөткө токтотулган. Кийин алып баруучулар эфирге кайтып келишип, угармандардан кечирим сурашкан.
20-майда радиостанция социалдык тармактар аркылуу расмий түшүндүрмө берип, ката компьютердик системдеги мүчүлүштүктөн улам болгонун билдирген. Маалыматка ылайык, башкы студияда монархтын өлүмү боюнча өзгөчө протокол жаңылыш иштеп кеткен.
Ошол учурда Карл III Түндүк Ирландияда иш сапарында жүргөнү белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:16
2026-05-21
17:46
2026-05-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















