“Салам, Ош-2026”. Беш-Мерген жайлоосунда VII эл аралык туристтик фестиваль башталды
Бүгүн, 21-майда күнү Кара-Суу районунун Беш-Мерген жайлоосунда "Салам,Ош-2026” VII эл аралык туристтик фестивалы башталды.
Маалым болгондой, Өзбекстандан жана Тажикстандан келген делегацияларга урмат-сый көрсөтүлдү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.
"Салам, Ош-2026" фестивалы - бул ар түрдүү маданияттардын жолугушуусу, достук жана ынтымакты бекемдөө, ошондой эле Ош облусунун кооз жерлерин дүйнөгө таанытуу, маданий мурастарын дүйнөгө жайылтуу үчүн эң сонун аянтча болуп берет",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:14
2026-05-22
20:35
2026-05-21
19:28
2026-05-21
16:48
2026-05-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















