Актауда кулаган учак: Казак бийлиги кенемте боюнча маалымат берди
Актауга жакын жерде Азербайжандын AZAL авиакомпаниясынын учагынын кыйроосунда каза болгондордун айрымдарынын үй-бүлөлөрүнө толук компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу Казакстандын вице-премьер-министри Канат Бозумбаев билдирди.
"Алты адамдын ичинен каза болгондордун айрым түз мураскерлери бардык төлөмдөрдү алып бүтүштү. Тилекке каршы, айрымдары боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат, анткени азыркыга чейин ким төлөм алышы керектиги тактала элек. Бир үй-бүлө боюнча төлөмдү ким алары азырынча аныкталган эмес. Азербайжандык да, орусиялык да камсыздандыруу компаниялары соттун чечими чыккан соң төлөмдөрдү берүүгө даяр. Менин оюмча, жарандыгына карабастан бардык жүргүнчүлөр бирдей төлөмдөрдү алышат",- деген Канат Бозумбаев.
Ал ошондой эле казак өкмөтү азербайжандык кесиптештери менен тыгыз байланышта экенин билдирди.
"Биз Азербайжандын, Казакстандын жана башка өлкөлөрдүн жарандарына төлөнүүчү бардык төлөмдөрдү көзөмөлдөп жатабыз. Биз эч кандай дискриминация болбошу үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз. Кенемте ээлерин аныктоо менен байланышкан юридикалык кыйынчылыктар бар",- деп кошумчалаган ал.
Эскерте кетсек, 2024-жылы 25-декабрда Бакудан Грозныйга учуп бара жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта кулап түшкөн. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Анын ичинен 37си Азербайжандын жарандары. Мындан тышкары, 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















