super.kg logo

Караколдогу суу каптаган МИКтин үйлөрү: Жашоочулардын нааразычылыгы уланууда (видео)

 

Каракол шаарынын Хан-Теңири кичи районундагы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жаңы көп кабаттуу үйлөрүн жаандан кийин суу каптап, ал маселе боюнча нааразычылык уланууда. Батир алган тургундар компания өкүлдөрү менен жолугушуп, окуя боюнча ишкана тараткан расмий маалыматка макул эместигин билдиришти.

МИК буга чейин суу каптоого чатырга таштаган тиричилик таштандылары себеп болгонун маалымдаган эле. Бирок батир ээлери "бул маалымат чындыкка дал келбейт" дешүүдө. Алардын айтымында, бул үйгө жашоочулар көчүп келгенден бери үчүнчү жолу кайталанып жаткан окуя жана мурдагы кемчиликтер үстүртөн гана оңдолгон.

Ошондой эле тургундар суу чатырдан эле эмес, терезелердин боштуктарынан да киргенин айтып, үйдүн сапаты боюнча да суроо салышууда. Суу каптагандан улам көпчүлүк батирлердеги эмеректер жана ички жасалгалар жабыркаганын айтышты.

Мындан тышкары, батирлер ным тартып жатканын белгилешти.






Караколдогу суу катаган МИКтин үйлөрү. Жашоочулардын нааразылыгы уланууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: