Юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында 21-майда Юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйында форумдун жалпы концепциясы, аталышы жана талкууланчу темалары заман талабына жана дүйнөлүк актуалдуу чакырыктарга шайкеш болушу керектиги белгиленди. Ошондой эле иш-чаранын мазмундук деңгээлин жогорулатууга багытталган бир катар сунуштар айтылды.
Маалыматка ылайык, юбилейлик форумга дүйнөгө белгилүү окумуштуулар, Нобель сыйлыгынын лауреаттары, жазуучулар жана акындар, ошондой эле 20дан ашуун өлкөдөн келген мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышары күтүлүүдө.
Жыйындын соңунда Арслан Койчиев форумга даярдык иштерин ыкчам жана системалуу жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, бардык тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берилгенин айтты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















