Төрага Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарында Сагиба Гафарова менен жолугушту
Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев КМШ ПААнын Санкт-Петербург шаарындагы иш-чараларына катышуунун алкагында Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгын өнүктүрүү, анын ичинде парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Марлен Маматалиев Кыргызстан соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттарды кошкондо бардык тармактар боюнча эки тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
«Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы тарыхый, маданий жана руханий баалуулуктарга негизделген бир туугандык мамилелерди бекемдөө биз үчүн өзгөчө мааниге ээ», — деди ал.
Ошондой эле төрага эки өлкө ортосундагы саясий диалог жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын айтып, 2025-жылдын декабрында өткөн Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алтынчы жыйыны өз ара пайдалуу диалогду кеңейтүүгө өбөлгө болгонун белгиледи.
Марлен Маматалиев мыйзам чыгаруу органы катары тоо-кен тармагы, энергетика, «жашыл экономика», гидроэнергетика, медицина жана айыл чарба тармактарына инвестицияларды колдоого даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары ал парламенттер аралык байланыштарды күчөтүү үчүн достук топторунун ишин жандандыруу, комитеттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана депутаттардын өз ара сапарларын уюштуруу маанилүү экенин кошумчалады.
Төрага ошондой эле Кыргызстан менен Азербайжан ТүркПА алкагында активдүү кызматташып келе жатканын белгилеп, 2026-жылдын октябрь айында Кыргызстанда өтө турган ТүркПАнын 15-жыйынына азербайжан тараптын активдүү катышуусуна ишеним билдирди.
Ошону менен катар ал азербайжандык спортчуларды 2026-жылдын сентябрь айына белгиленген VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары катышууга чакырды.
Өз кезегинде Сагиба Гафарова кыргыз-азербайжан мамилелеринин жогорку ишеним деңгээлин белгилеп, эки элди терең тарыхый жана маданий байланыштар, окшош тил, дин жана үй-бүлөлүк баалуулуктар жакындатып турарын айтты.
Ал ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүдө эки өлкөнүн бизнес-коомчулуктарынын ортосундагы байланыштарды активдештирүүнүн маанисине токтолуп, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары Сагиба Гафарова Кыргызстандын парламентин санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге жогору баа берип, бул багыттагы кызматташтыкка кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Сагиба Гафарова Марлен Маматалиевди Азербайжанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Өз кезегинде Марлен Маматалиев өз ара сапарлар эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого өбөлгө болорун белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















