Ошто азык-түлүк бааларына мониторинг жүргүзүлдү
Ош шаарынын мэриясы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү менен биргеликте азык-түлүк жана жашылча-жемиштердин бааларына кезектеги мониторинг жүргүздү.
Маалыматка ылайык, бул жолу текшерүү Жапалак мөмө-жемиш базары аймагында өтүп, социалдык маанилүү товарлардын баалары көзөмөлгө алынды. Сатуучуларга бааларды негизсиз көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгында Жапалак базарындагы азык-түлүк баалары башка соода жайларына салыштырмалуу төмөн экени аныкталган.
Базардагы айрым баалар:
— пияз — 18 сом
— сабиз — 35–40 сом
— картошка — 38 сом
— бадыраң — 50 сом
— 5 литр суу май — 500 сом
— помидор — 100 сомдон башталат
— күрүч — 77 сомдон башталат
— макарон азыктары — 70 сомдон башталат
Маалыматка ылайык, социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жума сайын жүргүзүлүп турат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















