Марлен Маматалиев Маулен Ашимбаев менен жолугушту
Төрага Марлен Маматалиев Казакстандын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты жана кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Марлен Маматалиев Казакстан Кыргызстан үчүн жакын дос жана ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеп, эл аралык парламенттик уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты улантуу маанилүү экенин айтты.
Өз кезегинде Маулен Ашимбаев Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:14
2026-05-22
20:35
2026-05-21
19:28
2026-05-21
16:48
2026-05-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















