Ошто май куюучу жайдын бир бөлүгү буздурулду
Ош облусунун Араван районунда белгиленген жер тилкесинен чыгып кеткен май куюучу жайдын бир бөлүгү буздурулду. Бул тууралуу 22-майда Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүү иштеринин жүрүшүндө объекттин ээси О.М.П. аттуу жаранга айып пул салынып, мыйзамдуу жер тилкесинен чыгып кеткен курулуш бөлүгү бузулду.
Ошондой эле мыйзам талаптарын жана курулуш ченемдерин сактоо боюнча түшүндүрүү, эскертүү иштери жүргүзүлдү.
Министрлик жарандарды курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















