Кырчын жайлоосуна барчу жолдун 18 чакырымына асфальт төшөлдү
Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосуна баруучу унаа жолунун 18 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мекемеси 23-майда кабарлады.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында Семёновка – Ак-Суу унаа жолунун 21 чакырымы жана Григорьевка – Көл-Кашка-Суу унаа жолунун 14 чакырымы жаңыланууда. Жалпысынан 35 чакырым жолду оңдоо пландалган.
"Аталган жол Кырчын жайлоосуна алып баруучу негизги каттамдардын бири болуп саналат. Жолдун жаңыланышы аймакка келген эс алуучулардын агымын көбөйтүүгө, ошондой эле алдыда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларын жогорку деңгээлде өткөрүүгө өбөлгө түзөт",- деп жазылат маалыматта.
Кырчын жайлоосуна барчу жолдун 18 чакырымына асфальт төшөлдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















