super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Кытай лидерине көңүл айтты

 

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кытайдын лидери Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Президенттин администрациясы билдиргендей, анда өлкө башчынын Кытайдын Шаньси провинциясындагы көмүр шахтасында газдын жарылышынын кесепетинен адамдар каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганы айтылат.

"Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм", - деп белгиленген телеграммада.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: