Эдил Байсалов Дональд Трамптын кабыл алуусунда болду
21-май АКШнын президенти Дональд Трампка Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп жаңы дайындалган Эдил Байсалов Ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти.
Салтанаттын жүрүшүндө элчи президент Садыр Жапаровдун жылуу куттуктоосун жана каалоо-тилектерин жеткирип, Кыргызстан АКШ менен болгон эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи.
Ошондой эле Байсалов Кыргызстан эгемендүүлүк алган алгачкы жылдардан тартып АКШ тарабынан көрсөтүлүп келген колдоону жогору баалай турганын айтып, Борбордук Азия аймагына жана Кыргызстан менен кызматташтыкка болгон туруктуу көңүл буруу үчүн америкалык тарапка ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Трамп Кыргызстандын жаңы элчисин жылуу кабыл алып, эки өлкө ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Ал эки элдин ортосундагы достук жана жылуу байланыштардын маанилүүлүгүн белгилеп, жаңы элчинин дипломатиялык миссиясы Кыргызстан менен АКШнын саясий жана экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө чоң салым кошоруна ишеним артты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















