super.kg logo

Кыргыз-Казак чек арасында унаалардын узун кезеги жаралды 

 

Социалдык тармактарда Кыргыз-Казак чек арасында узун кезек жаралганы тууралуу маалымат тарады. Ал эми Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы өткөрүү пункттары кадимки тартипте иштеп жатканын билдирди.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, учурда сезондук мезгилге байланыштуу жүк ташуу агымынын күчөгөндүгүнөн улам Кыргызстандан чыгуу багытындагы "Ак-Тилек-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдында жүк ташуучу унаалардын топтолушу байкалган.

"25-майга карата "Ак-Тилек-автожол" пунктунун алдында чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн 150гө жакын жүк ташуучу унаа кезекте турат. Ал эми Казакстандан Кыргызстанга кирүү багытында унаалардын топтолушу катталган жок. Кыргыз тараптан текшерүү процедуралары ыкчам тартипте жүргүзүлүүдө",- деп билдирди Чек ара кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: