super.kg logo
  Спорт  

Мохамед Салах “Ливерпуль” менен кош айтышты

 

Англиянын “Ливерпуль” клубунун чабуулчусу Мохамед Салах коргоочу Энди Робертсон экөөнүн клубдан кетиши боюнча эмоционалдуу билдирүү жасады.

“Брентфордго” каршы 1:1 эсебиндеги оюн Салах менен Робертсон үчүн “Ливерпулдагы” акыркы беттештердин бири болду.

Салах тогуз жыл ичинде Робертсон менен бирге чоң жолду басып өткөнүн айтып, көз жашын жашыра алган жок.

Мен өмүрүмдө мынчалык көп ыйлаган эмесмин. Биз бул жерде жаштыгыбызды өткөрдүк. Клубду кайра өз ордуна алып келдик. Робертсон талаада жанын берип ойнойт, күйөрмандар аны ошон үчүн жакшы көрүшөт”,- деди Салах.

Ошондой эле ал Робертсон менен бир командада ойногону сыймык болгонун белгилеп, “Ливерпулдун” күйөрмандарына ыраазычылык билдирди.

Биз бардык нерсени жеңдик. Күйөрмандардын сүйүүсүн көрдүк - бул мен үчүн эң маанилүүсү”,- деп кошумчалады египеттик жылдыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: