Каныкей Стамалиева көркөм гимнастика боюнча Азия чемпиондугунда коло медаль утту
Бишкек шаарында өтүп жаткан көркөм гимнастика боюнча Азия чемпиондугунда спортчу Каныкей Стамалиева коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.Маалым болгондой, ал лента менен машыгуу боюнча финалда 24.25 упай топтоп, жыйынтыгында үчүнчү орунду алды.
"2025-жылы Сингапурда өткөн Азия чемпиондугунда Каныкей байгелүү орунга аз гана жетпей, 4-орунду ээлеген. Ал эми быйыл Бишкекте өткөн континенталдык биринчиликте байгелүү орунду камсыздай алды",- деп белгиленди маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















