super.kg logo
  Саясат  

Президент 3 жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүү тууралуу мыйзамга кол койду

 

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жөлөк пулдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Тиешелүү документ 25-майда өлкө башчынын расмий сайтына жайгаштырылды.

Мыйзам ушул жылдын 29-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Документке ылайык:

  • "Бала ырысы" ар айлык жөлөк пулу бала төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин берилет,
  • Жөлөк пулдун бул түрүндө эгиз же үч эм төрөлсө, ар бир балага өзүнчө дайындалат,
  • Төлөмдүн бул түрү “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөк пулун алган жарандардан башкасынын баарына берилет,
  • "Бала ырысы" ар айлык жөлөк пулу бала ата-эне менен чогуу жашаган учурда дайындалат,
  • "Бала ырысы" ар айлык жөлөк пулу 2023-жылдын 1-августунан тартып төрөлгөн балдарга берилет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: