Президент 3 жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүү тууралуу мыйзамга кол койду
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жөлөк пулдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Тиешелүү документ 25-майда өлкө башчынын расмий сайтына жайгаштырылды.
Мыйзам ушул жылдын 29-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Документке ылайык:
- "Бала ырысы" ар айлык жөлөк пулу бала төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин берилет,
- Жөлөк пулдун бул түрүндө эгиз же үч эм төрөлсө, ар бир балага өзүнчө дайындалат,
- Төлөмдүн бул түрү “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөк пулун алган жарандардан башкасынын баарына берилет,
- "Бала ырысы" ар айлык жөлөк пулу бала ата-эне менен чогуу жашаган учурда дайындалат,
- "Бала ырысы" ар айлык жөлөк пулу 2023-жылдын 1-августунан тартып төрөлгөн балдарга берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















