Абдулазиз Туранбаев — «Кыргызстандын бермети» эл аралык турниринин беш жолку чемпиону
Кыргызстандык мушкер Абдулазиз Туранбаев эл аралык аренада өзүнүн күчтүү деңгээлин дагы бир жолу далилдеп келет. Ал акыркы жылдардагы жыйынтыктары боюнча муай-тай боюнча «Кыргызстандын бермети» эл аралык турниринин беш жолку чемпиону болду.
Эл аралык деңгээлдеги чоң турнир
<<Кыргызстандын бермети>> - бул жөн гана өз алдынча турнир эмес, ири масштабдагы спорттук иш чара.
Бул иш чара 2016-жылдан бери Кыргызстанда өтүп келе жаткан ири спорттук фестиваль. Көбүнчө Ысык-Көлдө, Чолпон-Ата шаарында уюштурулат.
Бул фестивалда муай-тайдан тышкары кикбоксинг, самбо, дзюдо, таэквондо, карате жана башка спорт түрлөрү өтөт. Ар жылы бул мелдешке Европадан жана Азиядан миңдеген спортчулар катышат.
Турнирде жылына миңдеген ар кайсы өлкөлөрдөн келген спортчулардын башын бириктирди.
Муай-тай боюнча жүздөгөн мушкерлер күч сынашат. Ошондуктан чемпион болуу — чоң эмгектин жана күчтүү даярдыктын жыйынтыгы.
Абдулазиздин жеңиштери:
Абдулазиз Туранбаев төмөнкү жылдары чемпион болгон:
— 2018-жыл — өспүрүмдөр арасында 1-орун
— 2021-жыл — чоңдор арасында 1-орун
— 2022-жыл — чоңдор арасында 1-орун
— 2023-жыл — чоңдор арасында 1-орун
— 2024-жыл — чоңдор арасында 1-орун
Бул жыйынтыктар анын туруктуу деңгээлин жана күчтүү атаандаштар арасында дайыма алдыда экенин көрсөтөт.
Кыргызстандын мыкты мушкерлеринин бири
Абдулазиз Туранбаев 2017–2024-жылдары муай-тай боюнча Кыргыз Республикасынын жети жолку чемпиону болгон.
2019-жылы Бангкокто өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медаль жеңип алып, Кыргызстанды эл аралык деңгээлде ийгиликтүү көрсөткөн.
Спортко кошкон салымы
Абдулазиз жеке жеңиштер менен гана чектелбестен, жаш спортчуларды даярдоого да жардам берип келет. Ал улуттук курама команданын спортчулары менен иштешип, атаандаштарды талдоо жана тактика боюнча көмөк көрсөтөт. Ошондой эле айрым улуттук мелдештерде калыс катары да катышат.
Спортчунун айтымында:
«Ар бир эл аралык турнир — өзүңдү жаңы деңгээлде сынап көрүү мүмкүнчүлүгү. Башка өлкөлөрдүн мушкерлери менен беттешкенде өз деңгээлиңди жакшыраак түшүнөсүң жана дагы эмненин үстүндө иштөө керек экенин билесиң».
Бүгүнкү күндө Абдулазиз Туранбаев Кыргызстандагы муай-тай спортунун эң туруктуу жана күчтүү өкүлдөрүнүн бири катары эсептелет. Анын жеңиштери Кыргызстандын муай-тай мектебинин өнүгүшүнө да чоң салым кошууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















