Көчмөндөр оюндары: Көк бөрү жана көкпардан кимдер чемпион?
Алдыда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жакындап келе жатат. Анын алкагында көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештер өтмөкчү. Спорттун бул түрлөрүнөн Кыргызстан менен Казакстандын курамалары башкы атаандаштар болуп саналат.
Кыргызстан учурда эки команданын тизмесин жарыялады. Көк бөрүгө Сейитбек Анарбек уулу, Нуржан Мелисбек уулу баштаган күчтүү улакчылар кирсе, көкпарда Манас Ниязов, Рустам Тыналиев, Өмүрбек Эсен уулу жана Дастан Русланов өңдүү айтылуу оюнчулар бар. Казак тарап азырынча курамалардын тизмесин жарыялай элек.

Негизинен көк бөрү боюнча казак менен кыргыз улакчыларынын ортосунда көптөгөн оюндар болгон. Бирок биздин портал Көчмөндөрдүн алкагында өткөн оюндарга саресеп салып көрүүнү туура көрдүк.
Алгачкы Көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдө 2014-жылы өткөн. Анда Кыргызстан 4:1 эсебинде Казакстан курамасын утуп, чемпион аталган. 2016-жылдагы Көчмөндөрдө дагы кыргыз улакчылары казакстандыктарды 15:3 эсебинде жеңип алышкан. Ал эми үчүнчү жолу Ысык-Көлдө өткөн оюндарда, тагыраагы, 2018-жылы Кыргызстан көк бөрүчүлөрү финалда өзбекстандыктар менен оюн өткөрүшкөн. Буга Казакстан командасы өзбек улакчыларына жеңилип калганы себеп болгон. Ал жылы казакстандыктар үчүнчү орунду алышкан.
2022-жылы Түркияда болгон Көчмөндөр оюндарында биздин көк бөрүчүлөр казакстандыктарга бир да упай бербестен жеңишкен. Эсеп 5:0 менен аяктаган. 2024-жылы оюндар Казакстанда өтүп, анда дагы кыргызстандыктар башкы атаандаштарын 10:4 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынышкан. Ошентип, 5 жолку оюнда тең көк бөрүдөн Кыргызстан курамасы чемпион аталып келе жатат.

Ал эми көкпар (тайказаны жок) боюнча эки өлкөнүн курамалары эки жолу гана беттеш өткөрүшкөн. Бул спорт түрү Түркияда өткөн оюндарда гана кошулган. Анда Кыргызстан Казакстандын курамасына 3:4 эсебинде жеңилип калган. Ал эми Казакстандагы беттеште кыргыз көкпарчылары талаа ээлерине 4:5 эсебинде утулган. Деген менен ал оюн чыр менен аяктаган. Биринчи таймда Кыргызстан курамасыны алдыда келе жатканда Казакстан курамасынын оюнчусу Улан Байтөреев атаандашы Кубанычбек Султан уулун камчы менен чаап жиберген. Мындан улам оюн токтотулуп, 15 мүнөттөй үзгүлтүккө учураган. Кийинки таймда дагы адилетсиздиктер болгону айтылган. Буларды эске алуу менен Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы көкпар мелдешинин финалдык беттешинин жыйынтыгына нааразычылык билдирген.

Ошентип, көк бөрүдөн кыргыз улакчылары 5 жолу чемпион аталса, көкпардан казакстандыктар биринчиликти бере элек.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















