Ошто ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген юрист кармалды
Ошто ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, шектүү жаран Б.У. аттуу тургундун Ноокен районунда жана Кызыл-Кыя шаарында жүргүзүлүп жаткан тергөө иштерин оң жагына чечип берүүнү убада кылып, андан 2 миллион 784 миң сом өлчөмүндө акча алган.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын негизинде Ош шаарынын 1993-жылы туулган М.А. аттуу тургуну кармалган.
Ал өзүн жактоочунун жардамчысы катары тааныштырган. Иш жүзүндө ишканалардын биринде юрист болуп иштегендиги такталды. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















