Бакыт Төрөбаев чет элдик инвесторлор менен жолугушту
Бүгүн, 26-майда Ынтымак-Ордодо президенттин атайын тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Төрөбаев чет элдик инвесторлор менен жолугушту.
Жолугушууда инвесторлордун "Каракол" эркин экономикалык аймагындагы долбоорлорго инвестиция тартуу боюнча сунуштары талкууланды. Ошондой эле Ысык-Көлдүн аймагында кайра жаралуучу энергия булактары чөйрөсүндөгү башка долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.
Тараптар өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана заманбап технологияларды киргизүү келечегин талкуулашты.
Компаниялардын өкүлдөрү инвестициялык демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришип, Ысык-Көл облусунун өнөр жайды жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү үчүн жогорку потенциалын белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында инвесторлордун берилген сунуштарын биргелешип иштеп чыгууну улантуу жана мындан аркы кызматташтыкты чыңдоо боюнча макулдашууга жетишилди.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















