"Манас" аэропортунда учактарга күйүүчү май куюучу жаңы комплекс ишке кирди
"Асман Ойл Компани" ишканасы "Манас" эл аралык аэропортунун аймагында жаңы стратегиялык күйүүчү май куюу комплексин расмий түрдө ишке киргизди. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы билдирди.
Маалым болгондой, авиациялык күйүүчү май сактагычтарынын жалпы көлөмү 8 миң куб метрди түзөт. Бул комплекс өлкөдөгү бардык аэропорттордун авиациялык күйүүчү майга болгон муктаждыгын камсыздоого багытталган.
"2022-2025-жылдары "Асман Ойл Компанинин" таза кирешеси 518 миллион сомдон 1 миллиард 205 миллион сомго чейин өсүп, эки эседен ашык көбөйдү. Мындан тышкары, компания келечекте Каракол эл аралык аэропорту жана Жалал-Абад эл аралык аэропортунда дагы ушундай күйүүчү май комплекстерин курууну пландап жатат. Бул өлкөнүн авиациялык инфраструктурасын чыңдоого жана тармактын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт",- деп белгиленген маалыматта.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















