ИИМге 370 жаңы кызматтык унаа тапшырылды
Бүгүн, 26-майда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигине заманбап санариптик технологиялар менен жабдылган 370 даана жаңы кызматтык унааларды тапшырды.
Прдезиденттик администрациядан билдиргендей, Касымалиев өздүк курамдын жана иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу мамлекеттин ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизги шарты экенин баса белгиледи. Ал акыркы беш жылдын ичинде президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөдө терең реформалар жүргүзүлгөнүн кошумчалады. Айлык акыларды, пенсияларды жана социалдык төлөмдөрдү олуттуу көбөйтүү менен бирге мамлекет тарабынан мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын модернизациялоо боюнча системдүү чаралар көрүлүүдө.
Атап айтканда, бул мезгил аралыгында ИИМ системи үчүн 280 жаңы имарат курулуп, дагы 300гө жакын объект реконструкцияланды, бул кызматкерлердин иштөөсү жана жарандарды кабыл алуу үчүн заманбап шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берди.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















