super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Ирандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

 
Бүгүн, 26-майда, Иран тараптын демилгеси менен мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, алар келе жаткан ыйык Курман айт майрамынын алдында бири-бирин куттукташып, Кыргызстан жана Иран элдерине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашылды.

Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчысы Кыргызстан ШКУга төрагалык кылуучу өлкө катары уюмдун тынчтыкты, ишенимди жана конструктивдүү кызматташтыкты камсыз кылуудагы ролун чыңдоого өзгөчө маани берерин айтты.

Мамлекет башчылары сүйлөшүүнүн соңунда кыргыз-иран мамилелерин достук жана өз ара колдоо духунда мындан ары да өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: