Садыр Жапаров Ирандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү
Бүгүн, 26-майда, Иран тараптын демилгеси менен мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын телефон аркылуу сүйлөштү.Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, алар келе жаткан ыйык Курман айт майрамынын алдында бири-бирин куттукташып, Кыргызстан жана Иран элдерине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашылды.
Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчысы Кыргызстан ШКУга төрагалык кылуучу өлкө катары уюмдун тынчтыкты, ишенимди жана конструктивдүү кызматташтыкты камсыз кылуудагы ролун чыңдоого өзгөчө маани берерин айтты.
Мамлекет башчылары сүйлөшүүнүн соңунда кыргыз-иран мамилелерин достук жана өз ара колдоо духунда мындан ары да өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















