Иран АКШны ок атышууну токтотуу келишимин бузду деп айыптады
Ирандын Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарын ок атышууну токтотуу режими бузулду деп айыптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Ведомствонун билдирүүсүндө айтылгандай, АКШ армиясы акыркы 48 саат ичинде ок атышууну токтотуу жарыялангандан кийин “бир нече жолу жана одоно түрдө режимди бузган”.
Иран тарап бул аракеттерди АКШнын мыйзамсыз жана негизсиз кадамдарынын уландысы катары баалаган.
Ошол эле учурда Тегеран бул бузуу кайсы конкреттүү аракеттер менен жасалганы тууралуу так маалымат берген жок, бирок мындай кадамдар жоопсуз калбай турганын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















