"Курман айт улуттук баалуулуктарды бекемдеп..." Марлен Маматалиев кыргызстандыктарды куттуктады
Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жалпы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.
Курман айт ынтымакка, кайрымдуулукка жана биримдикке үндөгөн улуу майрам экенин белгилеп, элге тынчтык, өлкөгө өнүгүү, ар бир үй-бүлөгө бакыт жана береке каалады спикер.
"Кыргыз эли эзелтен ынтымакты, биримдикти жана адамгерчиликти туу туткан касиеттүү калк. Курман айт майрамы ушул баалуулуктарды дагы бир ирет бекемдеп, коомдогу өз ара урмат-сыйды жана бир туугандык мамилени чыңдайт. Айрыкча бүгүнкү өзгөрүүлөргө бай заманда элибиздин биримдиги, мамлекетибиздин туруктуулугу жана коомдогу тынчтык эң чоң байлык экенин баарыбыз терең сезип турабыз. Анткени элдин биримдигин бекемдөө жана руханий баалуулуктарды сактоо өлкөнүн келечеги үчүн өзгөчө маанилүү. Күчтүү мамлекет – ынтымактуу элден куралат",- деп билдирди Маматалиев.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















