Кытайдан атчан келген кыргыз кыздары сапардын максатын айтышты (видео)
Кытайдан атчан Кыргызстанга келген этникалык кыргыз кыздары Ризаа жана Гүлсанат социалдык тармактагы баракчасында кыргыз элине ыраазычылык билдирди.
"Элим, сонун күтүп алдыңыздар. Биз сиздерге, президент Садыр Жапаровго ыраазычылык айтабыз. Жуңгодогу кыргыз, казак элибиз сиздерди көрүп, суктанып, салам айтышты",- дешкен алар.
Ошол эле маалда алар ата-бабалардын баскан изин, ашкан ашууларын ашып, аны менен бирге кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу максатында Кыргызстанга атчан жол тартышканын белгилешти.
"Биздин максатыбыз - 1916-жылы ата-бабаларыбыз баскан изди дагы бир жолу басып көрөлү дедик. Ошол кезде аталарыбыз көргөн кыйынчылыктарын, ашкан ашууларын ашып көрөлү деп келип калдык",- дешти алар.
Кытайдан атчан келген этникалык кыргыз кыздары сапардын максатын айтышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:39
2026-05-29
14:30
2026-05-29
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















