Бүгүн, 27-майда өлкө башчы Садыр Жапаров Кытайдын 14-чакырылыштагы Элдик саясий консультативдик кеңешинин бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары, ШКУнун Ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык боюнча комитетинин төрайымы Шэнь Юэюэни кабыл алды.
Президенттин администрация тараткан маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу өз ара аракеттенүү, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөдөгү, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу боюнча пикир алмашышкан. Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Кытай бекем достук, ынак коңшулук жана жемиштүү кызматташтык мамилелерин курганын баса белгилеген.
Өз кезегинде Шэнь Юэюэ Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы жана өз ара аракеттенүүнүн негизги аспектилери боюнча кеңири пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, конструктивдүү диалогду тереңдетүүгө болгон эки тараптын кызыкчылыгын ырастаган.
Ал ошондой эле Садыр Жапаровго Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин атынан салам жана эң жакшы каалоолорду жеткирген. Шэнь Юэюэ өткөн жылы эки өлкөнүн лидерлери үч жолу жолугушуп, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн багыттарын белгилешкенин, бул эки мамлекеттин ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүккө зор түрткү бергенин айткан.
Садыр Жапаров кытайлык өкүл Шэнь Юэюэни кабыл алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















