super.kg logo
  Саясат  

Ахматбек Келдибеков президенттик шайлоого катышпай турганын билдирди

 
Саясатчы Ахматбек Келдибеков алдыда өтө турган президенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анда ал саясатка аралашпай жеке ишкерлик менен алектенип жатканын, ошондой эле президенттикке талапкерлигин коюу ниети жок экенин билдирген.
"2020-жылдан бери жеке ишкерлик менен алекмин. Анткени, убагында идеялык жактан бир бүтүндүккө биригип, саясий айдыңда чогуу жүргөн досторум бийликке келишти. Ошондон тарта саясат менден аярлыкты талап кыла баштады. Анткени бийликти сындасам, ошол эле кошоматчылар: "Досторун көрө албай жатат",- деп чыкмак. Эгерде бийликти мактасам, эл: "Досторуна кошомат кылып жатат",- демек. Ошондуктан саясатка аралашпай, жеке ишкерлигим менен алек болдум.
Бирок жолугуп турабыз, сүйлөшөбүз, пикир алышабыз. Жакында жолукканыбызда президент жаңы башталып жаткан ири долбоорлор тууралуу айтып берди, мен да чын пейилимден кубандым, ишке ашып кетсе экен деп тилек кылдым, колумдан келишинче колдойм дедим.
Анан жолуккан сайын айланабыздагы "интриганттар" укмуш ушактарды чыгарышат. Мына, эки күндөн бери тааныштарым: "Президенттик шайлоого аттанат турбайсызбы", – дешип тынбай телефон чалып жатышат. Ал тургай "Келдибеков шайлоого барат экен" деп атайын мени каралаган топ түзүлүптүр. Шайлоо өнөктүгү башталбай жатып, калп маалыматтар менен элдин башын айландыруу кимге керек? Анан калса, менин президенттикке коюу ниетим жок.
Анткени, биз бүгүн дос катары бийлик эмес, сый талаша турган курактабыз. Ошондуктан Садыр Жапаровду колдоо жана жакын санаалаштарымды колдоого чакыруу менин милдетим. Мен үчүн элибиздин биримдиги, журтубуздун бүтүндүгү баарынан кымбат",- деп жазган Келдибеков.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: