super.kg logo
  Саясат  

ИИМ чет элдик жумушчулар өлкөгө мыйзам чегинде тартылып жатканын билдирди

 

ИИМ социалдык тармактарда чагымчыл аракеттер болуп жатканын маалымдап, коомчулукка билдирүү жасады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, интернеттин кыргыз сегментинде улут аралык кастык, жек көрүүнү күчөтө турган чагымчыл билдирүүлөр орун алууда. Анын ичинде чет өлкөлүк жумушчуларга карата жазылгандар болуп жатканы белгиленди.

"Буга чейин президентибиз айткандай, мамлекетибизде ири эл аралык инфратүзүмдүк долбоорлор, масштабдуу объекттер ишке ашырылууда. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу, Асман шаары, ири энергетикалык “Камбар-Ата-1”, жана башка экологиялык объекттер курулууда. Анан аларга сөзсүз адистер, жумушчу күчү керек болот. Алар ээн-эркин, каалагандай эле кирип-чыгып жаткан жери жок. Ар бири тийиштүү уруксат документтери, визасы менен келип, биздин көзөмөлдө турат. Долбоорлор бүткөндө кайра эле кетишет. Эч кимиси калып калбайт. Айрым долбоорлор 2030-жылы бүтсө, айрымдары 2035-жылдары бүтөт",- деп билдирди ИИМ.
Министрлик чагымчыл аракеттердин жоопкерчилиги караларын эскертти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: