Дастан Бекешев кыргызстандыктардын үстүнөн чет өлкөлүктөр акча иштеп жатышканын айтты
Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев кыргызстандыктардын чек арадан чет элдик унаа менен кирүүсүнө коюлган чектөөнү алып салууну сунуштады.
Анын айтымында, бул жагдайдан чет өлкөлүктөр пайда көрүп жатышат.
"Унаасы Казакстанда же Орусияда катталса, анда Кыргызстанга кире алышпайт экен. Мындан улам Казакстан жарандары акча кылып жатышат. Мисалы, чек арага чейин унаа менен келишет, анан ал жерден чет өлкөлүккө унаасын Кыргызстанга айдап кирүү үчүн беришет. Ал үчүн 10 миң сом төлөшөт",- деди Бекешев.
Дастан Бекешев кыргызстандыктардын үстүнөн чет өлкөлүктөр акча иштеп жатышканын айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















