"Өтө пайдалуу". Спикер Ысык-Көлдө өтүүчү кайыктар жарышы боюнча пикирин айтты
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Ысык-Көлдө өтө турган дүйнөлүк F1H2O кайыктар жарышы көлгө зыян келтирбесин айтты.
Спикер бул боюнча жыйын өткөрүп, адистер менен баарлашканын белгиледи.
"Бул турнир бүткүл дүйнөдө өтөт экен. Эгер бул боюнча сиздерге (депутаттар) да кызык болсо, анда өзүнчө жыйын уюштуруп берейин. Министрликтер "эч кандай экологияга дагы, элге дагы зыян жок" деген билдирүүлөрдү кылышты. Тескерисинче, туристтик жагынан алганда өтө пайдалуу",- деди Маматалиев 28-майдагы парламент жыйынында.
Бул боюнча ИИМ да билдирүү жасап, айтылып жаткан сындарды негизсиз деп сыпаттады.
"Өтө пайдалуу". Спикер көл үстүндө өтө турчу кайыктар жарышы боюнча жыйын кылганын айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















