Депутат Казакстан тараптан чек арада акча талап кылуу болуп жатканын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Орусиядан келе жаткан жүктөр Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө пунктунда атайылап кармалып жатканын айтты.
Анын айтымында, чек арадан өтүш үчүн жүк ээлеринен 10 миң сом же 50 миң теңге талап кылынып, ар кандай тоскоолдуктар болуп жатат.
"Ар бир унаадан акча берүүнү талап кылышып, 1-2 суткадан кармап жатышыптыр. Аларда рентген бар болсо дагы "жүгүңөрдү түшүрүп текшерткиле" деген талап коюлуп жатыптыр. Эгерде мындай боло турган болсо, анда бизде товарлардын баасы кымбаттап кетет",- деди эл өкүлү парламенттин 28-майдагы жыйынында.
Депутат Казакстан тараптан чек арада акча талап кылуу болуп жатканын айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















