Бул жолу кыйыр айтылды... Депутат жыйында кесиптешин "чымчып" өттү
Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев жакындары соттолгондорду талапкер катары каттабоону жокко чыгаруу же аны биротоло бекемдөөнү сунуш кылды.
Эл өкүлү атасы уюшкан кылмыштуу топко аралашып жүрсө дагы депутат болуп келгендер бар экенин айтып, муну теңсиздик катары сыпаттады.
"Мыйзамга ылайык, шайлоого талапкер болуп катышып жаткандардын туугандары кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган болуш керек. Бирок бизде андай жагдайлар бар. "Мен кылмыштуу топтон кеттим" деп атасы айтып жатса, баласы парламентке шайланып келген учурлар бар",- деди ал бүгүн, 28-майдагы парламент жыйынында.
Эске салсак, Жороев 26-февралда кесиптеши Чыңгыз Ажибаевдин атасынын аты аталган маалыматтар социалдык тармактарда тарап жатканын айтып, анын иликтенишин талап кылган. Депутат анын атасы кылмыштуу чөйрөгө тиешеси бар деген маалыматтар чыкканын билдирген. Ажибаев ал маалыматтарды ушак деп мүнөздөгөн.
Депутат сунушун берип жатып кесиптешин "чымчып" өттү
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















