"Көмүр, ун алсам деп үмүттөнүшөт". Депутат шайлоодо жарандар акча таап алышарын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Ахмедова шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын кыскартпоону суранып, бул жарандар үчүн акча таап алуунун бир жолу экенин айтты.
Парламенттин 28-майдагы жыйынында шайлоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан. Анда үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу демилгеси талкууга түштү. Эл өкүлү эгер үгүтчүлөрдүн саны кыскарып кетсе, анда эл тааныбаган талапкерлер шайлоочуларын өз программасы менен тааныштыра албай калышат деген пикирде.
"Шайлоону эл жылдап күтөт. Ошол шайлоодо "кичине акча тапсам, көмүр алсам, ун алсам" деп үмүт кылышат. Мен 15 миңден берсем, ал акчанын жарымын алгандар дагы ыраазы болушту",- деди Ахмедова.
Парламент төрагасы Марлен Маматалиев депутат үгүтчүлөргө берилген айлык акыны айтып жатканын тактады.
"Көмүр, ун алсам деп үмүттөнүшөт". Депутат шайлоодо жарандар акча таап алышарын айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















