Садыр Жапаров Астанада санариптик жетишкендиктердин көргөзмөсүнө барды (видео)
Кечээ, 28-майда президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары менен бирге Астанада уюштурулган санариптик жетишкендиктердин өлкөлүк көргөзмөсүнө барды.
Өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Евразия экономикалык форумунун алкагында Alem.ai эл аралык жасалма интеллект борборунда өтүүдө.
Экспозицияда негизги басым санариптештирүүгө жана жасалма интеллект технологияларын киргизүүгө жасалган. Бул жерде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жасалма интеллектти өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктери, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана санарип экономикасын өнүктүрүүгө багытталган заман талабындагы технологиялык жаңылыктар көрсөтүлгөн.
Кыргызстандын көргөзмө тактасында өлкөнүн фискалдык тутумун жакшыртуу үчүн учурда колдонулуп жаткан санариптик каражаттар, анын ичинде салык жана бажы башкаруу процесстерине жасалма интеллект технологияларын киргизүү боюнча чечимдер көрсөтүлдү.
Садыр Жапаров Астанада санариптик жетишкендиктердин көргөзмөсүнө барды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















