Адылбек Касымалиев Бишкек эл аралык каржы форумуна катышты
Бүгүн, 29-майда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев санариптик трансформация, коопсуздукту камсыздоо жана инновациялык өнүгүү маселелерине арналган Бишкек эл аралык каржы форумуна катышты.
Касымалиев иш-чарада мобилдик финансылык чечимдерди, электрондук мамлекеттик кызматтарды жана заманбап банктык технологияларды активдүү өнүктүрүүнү белгиледи.
Ошондой эле санариптик финансылык инфраструктураны өнүктүрүү, заматта төлөм механизмдерин жакшыртуу, мамлекеттик маалыматтык системдерди интеграциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан системдүү иштерди айтып өттү.
"Санариптик трансформациянын негизги элементтеринин бири "Түндүк" мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүү системи болуп калды, ал мамлекеттик органдардын, каржы институттарынын жана санариптик экосистемдин башка катышуучуларынын ортосунда онлайн маалымат алмашууга мүмкүндүк берет. Мен ошондой эле өлкөнүн экономикасынын дээрлик бардык секторлорун камтыган "Санариптик сом" долбоорун белгилегим келет. Биз санариптик систем толугу менен ишке ашырылгандан кийин биздин өлкөдө төлөмдөрдүн коопсуздугу жана натыйжалуулугу камсыз болот деп ишенебиз”,- деди ал.
Өкмөт башчы тийиштүү органдар тарабынан алдамчылыкка каршы иштер жүрүп жатканын кошумчалады.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















