super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Астанада ЖЕЭКтин тар курамдагы жыйынына катышууда

 

Бүгүн, 29-майда президент Садыр Жапаров Астана шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышууда.

Өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын алдында Көз карандысыздык сарайында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчыларын тосуп алуу аземи болуп өттү.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыздын президенти Садыр Жапаровду, Орусиянын президенти Владимир Путинди, Беларустун башчысы Александр Лукашенкону, Армениянын вице-премьери Мгер Григорянды, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаевди тосуп алды.

Катышуучулар биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин, тар курамдагы жыйын өткөрүү үчүн залга өтүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: