super.kg logo

Мектеп уясынан учканына 10, 20 жыл болгон белгилүүлөр кимдер? (сүрөттөр)

 

Бүгүн, 29-майда мектептерде акыркы коңгуроо кагылып, бүтүрүүчүлөр билим уясы менен кош айтышты. Мындан сырткары 10, 20 жыл мурун окуучулук күндөрү артта калган классташтар да дал ушул күнү кайрадан жолугуп, мектепке жолугушууга барышат.

Быйыл салтка айланган 10, 20 жылдык маарекесин кыргыз шоу-бизнесиндеги кайсы атактуулар белгилеп жатышат? SUPER.KG порталы мектеп уясынан учканына 10, 20 жыл болгон белгилүүлөргө кайрылды.

Бул жылы мектепти 2016-жылы бүткөндөр 10 жылдыкка чогулса, 2006-жылы аяктагандар 20 жылдык маарекесин белгилешет.

Белгилүү эстрада ырчысы Нурмат Садыров Токтогул районуна караштуу Торкен айылындагы мектепти мындан 20 жыл мурда бүтүргөн. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына учкан уясына баргандагы видеолорун жарыялады. Мындан тышкары, 20 жылдык маарекесине карата өзү өскөн айылына бекер концерт да уюштурган.

Ошондой эле ырчы Назира Токонова да бул жылы 20 жылдык мааракеге барганын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

Быйыл мектеп уясынан учканына 20 жыл болгондордун катарын диктор Мирзат Муканов да толуктады. Ал Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Түгөлбай Сыдыкбеков атындагы Кең-Суу орто мектебин бүтүргөн.

"Жигитимдин мектепти аяктаганына быйыл 20 жыл. Классташтарын көрүп, балалыгына бир барып келди окшойт",- деп билдирүү калтырган анын жубайы, алып баруучу Айзуура Иманалиева.

Блогер жубайлар Медер Нуркадыров менен Нуриза Бектурова быйыл 10 жылдык мааракесин белгилөөдө.

Белгилүү ырчы Толгонай Арзыкееванын да мектепти аяктаганына быйыл 10 жыл болду. Ырчы айым өзү бүтүргөн мектепке баргандагы видеолорун социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: