"Кош келдиң, кезектеги 18 жашым". Алып баруучу Назира Кадыева 43 жашка толду (видео)

Бүгүн, 29-майда туулган күн тоскондордун катарында алып баруучу Назира Кадыева дагы бар. Ал бул жылы 43 жашка толду. Кадыеванын туулган күнүн куттуктап достору, жакындары социалдык тармактан жылуу пикирлерин жазышты.
Ал эми өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өздүк майрамы менен куттуктагандарга ыраазычылык билдирип өткөн.
"Кош келдиң, кезектеги 18 жашым! Аллахыма шүгүр. Бүгүнкү туулган күнүм менен куттуктаган баарыңыздарга рахмат, ыраазычылык билдирем",- деген Назира Кадыева.

Назира Кадыева 1983-жылы Ысык-Көл облусунда жарык дүйнөгө келген. Ал алгач радиолордун биринде ди-джей, телеканалдарда ток-шоу программаларынын алып баруучусу болуп иштеген. Ошондой эле ырчы катары бир нече ырдын аткаруучусу. Учурда машыктыруучу, коуч катары курстарды өтүп, өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп келет. Кадыева 2012-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















