SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат
Шылуундардан сак болуңуздар ⛔️
О! Мобилдик оператору абоненттерди сак болууга чакырат. Алдамчылар уюлдук компаниялардын кызматкерлери болуп таанышып, жарандардын ишенимине кирүүнү улантууда.
❗ Эсиңизде болсун: SIM-карта МӨӨНӨТСҮЗ иштейт.
Шылуундардын негизги шылтоосу – ойдон чыгарылган «SIM-картанын жарактуулук мөөнөтүн узартуу зарылчылыгы» же «номерди өчүрүү» коркунучу.
О! расмий түрдө билдирет: сиздин SIM-картаңыздын жарактуулук мөөнөтү жок. Ага чалгандардын көрсөтмөсү боюнча мөөнөтүн узартуу же «кайра каттатуунун» кереги жок.
Шылуундар кантип иштейт:
• Белгисиз номерлерден же WhatsApp аркылуу чалып, «оператордун атынан» логотиптерди жана кол тамгаларды коюшат;
• Ишенимге кирүү үчүн атыңыз менен кайрылышат;
• Бөгөттөп коёбуз деп коркутуп, «азыр кодду айтыңыз, болбосо номерди өчүрөбүз» деп шаштырышат. Бул 100% алдамчылык.
Алардын максаты – SMS аркылуу келген тастыктоо кодун алдап алып, сиздин банктык эсептериңизге жана жеке кабинеттериңизге кирүү, сиз жөнүндө жеке маалыматтарды алуу.
Эсиңизде болсун:
• О! кызматкерлери SIM-картанын колдонуу мөөнөтү тууралуу суроолор менен эч качан чалышпайт;
• «номерди узартууну» сунушташпайт;
• SMSтен келген сыр сөздөрдү жана коддорду сурашпайт.
Ушундай чалуулар болгондо – дароо сүйлөшүүнү токтотуңуз. Бул тууралуу жакындарыңызга жана улгайган туугандарыңызга эскертиңиз – алар көбүнчө алдамчылардын курмандыгы болуп калышат.
Маалыматты О! компаниясынын расмий каналдары аркылуу (түнү-күнү) текшерсеңиз болот:
КР МТБМК алдындагы МБА 2016-жылдын 6-декабрындагы лицензиялары: № 16-0062-КР, 16-0063-КР. Толук маалымат: o.kg
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















