Жогорку Кеңештин депутаттары Пекиндеги эл аралык коопсуздук форумуна катышты
Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөлөрү Кытайдын Пекин шаарында өткөн V “Ваньшоу” эл аралык коопсуздук форумуна катышты.
Делегацияны комитеттин төрайымы Эльвира Сурабалдиева жетектеди.
Форумдун алкагында эл аралык жана аймактык коопсуздук, стратегиялык туруктуулук, киберкоопсуздук жана эл аралык институттарды реформалоо маселелери талкууланды.
Сөз сүйлөгөн Эльвира Сурабалдиева Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун дүйнөлүк коопсуздукту камсыздоодогу ролун колдой турганын белгилеп, БУУнун Коопсуздук Кеңешин заман талабына ылайык реформалоо зарылдыгын айтты.
Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз депутаттары Кытай Коммунисттик партиясынын өкүлдөрү менен да жолугушуп, парламенттер аралык жана партиялар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Кытай тарап Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирип, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүнү улантарын белгиледи.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















