Президенттин Астана сапары жыйынтыкталды: ЕАЭБ, AI жана жаңы документтер
Президент Садыр Жапаров 28-29-май күндөрү Астана шаарында өткөн иш сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Сапардын алкагында мамлекет башчысы V Евразия экономикалык форумуна жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышты. Форумда ал жасалма интеллект мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууда жана мамлекеттик башкарууну жакшыртууда негизги инструментке айланып жатканын белгиледи.
Мындан тышкары делегациялар Евразия экономикалык биримдиги өлкөлөрүнүн инновациялык долбоорлору көрсөтүлгөн Alem.ai борборундагы көргөзмөгө барышты. Анда санариптик экономика, мамлекеттик кызматтарды оптималдаштыруу жана AI технологияларын киргизүү боюнча иштелмелер сунушталды.
29-майда өткөн ЖЕЭК жыйынында Садыр Жапаров ЕАЭБ аймагы технологиялык өнөктөштүк жана биргелешкен инновациялар үчүн чоң мүмкүнчүлүккө ээ экенин айтты. Жыйын соңунда катышуучулар бир катар документтерге кол коюшту.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















