super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионун капыстан текшерип барды (видео)

 
Бүгүн, 30-майда президент Садыр Жапаров курулуп жаткан “Бишкек Арена” көп функционалдуу спорт комплексине пландан тышкары барып, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, анда стадиондун курулушу бекитилген графикке ылайык жүрүп жатканы тууралуу маалымат берилди. Бүгүнкү күндө объектте курулуш-монтаждоо жана жасалгалоо иштери улантылууда, инженердик системалар орнотулуп, айлана-тегереги көрктөндүрүлүүдө.

Жапаров кыдыруу учурунда стадиондун ички бөлмөлөрүн көрүп чыгып, унаа токтотуучу жайдын жана коммерциялык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышып, “Бишкек Аренанын” курулушу өлкөнүн спорттук инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүдө жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Президент курулуш иштеринин жогорку сапатын камсыз кылууну жана долбоорду белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды.

Эскерте кетсек, 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган "Бишкек Арена" стадиону Кыргызстандагы эң чоң футбол аренасы болуп калат. Объект FIFA жана AFC эл аралык стандарттарына ылайык курулуп жатат, бул өлкөдө ири эл аралык беттештерди жана мелдештерди өткөрүүгө шарт түзөт.





Садыр Жапаров 51 миң көрүүчү бата турган "Бишкек Арена" стадионунун курулушун текшерди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: